Ош шаарында “Грант тартууну үйрөнүңүз” практикалык тренинги… — фото 1 Ош шаарында “Грант тартууну үйрөнүңүз” практикалык тренинги… — фото 2 Ош шаарында “Грант тартууну үйрөнүңүз” практикалык тренинги… — миниатюра 1 Ош шаарында “Грант тартууну үйрөнүңүз” практикалык тренинги… — миниатюра 2
 

Ош шаарында “Грант тартууну үйрөнүңүз” практикалык тренинги (7–8-август)

9 000 сом
20 июля 2026 №237433 Бишкек

✅ «Грант тартууну үйрөнүңүз» практикалык тренинги — Ош, 7–8-август

💡 Бизнесиңизди, стартапыңызды же коомдук долбооруңузду өнүктүрүү үчүн каражат керекпи?
Гранттар жөнүндө көп угасыз, бирок чындап алган адамдар аз болот. Себеби идеянын жоктугу эмес, туура долбоорлоо жана күчтүү гранттык арызды жасоо көндүмдөрүнүн жетишсиздиги.

📌 Дал ушул көндүмдөрдү сиз 2 күндүк практикалык тренингде өздөштүрөсүз: идеяңызды толук долбоорго айлантып, грант алуу мүмкүнчүлүгүн системалуу түрдө көтөрөсүз.


⚡ Тренинг эмнеси менен маанилүү?

Акыркы жылдары ушул методологияны колдонгон катышуучулар жана консультация алган адамдар он миңдеген сомдон баштап ири суммаларга чейин каржылоо тартышкан.

🔎 Ар башка аймактардагы жана тармактардагы мисалдар: Нарын, Самарканд, Бишкек, Алматы, Алай, Жалал-Абад, Баткен ж.б. — мында баары бирдей ыкма менен долбоор түзүүнү үйрөнүшкөн.


👤 Тренер

Азат Исраилов

  • Долбоорлоо жана фандрайзинг боюнча 18 жылдан ашык тажрыйба
  • 2012-жылдан бери жүздөгөн тренингдерди өткөргөн
  • Катышуучулары жана кардарлары үчүн жалпы 2 млн АКШ доллардан ашык каржылоо тартышкан

✅ Тренингде сиз эмнелерди үйрөнөсүз?

  • Идеяңызды толук кандуу долбоорго айландырууну
  • А ылайыктуу гранттарды жана донорлорду издөөнү
  • Долбоордун логикасын түзүүнү
  • Натыйжалуу бюджет даярдоону
  • Күчтүү гранттык арыздын негизин жазууну
  • Жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуп долбоор даярдоо убактысын бир нече жумадан бир нече күнгө чейин кыскартууну

📅 Качан жана кайда?

  • 7–8-август | Ош

⏳ Эрте катталуу шарттары

  • 25-июлга чейин: 9 000 сом
  • 26-июлдан кийин: 12 000 сом

⚠️ Ар бир катышуучунун долбоору боюнча өзүнчө иш жүргүзүлгөндүктөн, орундар саны чектелүү.


🔔 Тренинг кимдер үчүн?

  • Стартаптар
  • Коомдук уюмдар жана демилгечилер
  • Долбоор жазууну системалуу үйрөнгүсү келгендер
  • Гранттык арыз даярдап, донор менен иштөөнү максат кылгандар

🧠 Практика көп болуп, негизги акцент иш жүзүндөгү долбоор даярдоого коюлат.

Дата 20.07.2026

Похожие объявления